Суданда болгон окуялар
Түштүк Судандын президенттик кеңсесинен берилген маалыматка караганда Түштүк Судандын президенти Салва Киир Майардит HDK командири Дагалунун кеңешчиси Иззетти борбор шаар Жубада кабыл алды.

Суданда апрель айынын ортосунан бери армия менен кагылышуу болуп жаткан Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) командири Мухаммед Хамдан Дагалунун кеңешчиси Юсуф Иззет ок атышпоого даяр экендерин айтты.
Түштүк Судандын президенттик кеңсесинен берилген маалыматка караганда Түштүк Судандын президенти Салва Киир Майардит HDK командири Дагалунун кеңешчиси Иззетти борбор шаар Жубада кабыл алды.
Иззет жолугушууда: «Командир Мохаммед Хамдан Дагалу ок атышпоого даяр. Бул борбор Хартумда жана башка аймактарда гуманитардык коридорлордун ачылышына жол ачат. Армия командири Абдулфеттах аль-Бурхан да ушундай жооп бериши керек»,-деп айткан.
Түштүк Судандын президенти Майардит тараптарды Судан элинин жыргалчылыгы жана коопсуздугу үчүн ок атышууну токтотууга чакырды.
Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюму (IOM) Суданда уланып жаткан кагылышуулардан улам 843 миңден ашуун кишинин өлкө ичинде жер которгондугун, 259 миң кишинин коңшу өлкөлөргө көчүп кеткенин билдирди.
Эл аралык миграция уюму (IOM) тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Эл аралык миграция уюмунун (IOM) Суданда уланып жаткан кагылышуу жана зомбулуктан жабыркагандар үчүн 209 миллион долларлык гуманитардык жардам чакырыгы башталганы белгиленди.
Судандагы шашылыш муктаждыктар үчүн 105 миллион доллар жана судандыктар кагылышуулардан улам барган кошуна өлкөлөр Египет, Ливия, Чад, Түштүк Судан жана Эфиопия үчүн 105 миллион долларлык каржыга Эл аралык миграция уюму (IOM) муктаж экени белгиленди.
Судандагы кагылышуулардын миллиондогон адамдар үчүн кыйратуучу натыйжалары бар экени баса белгиленген билдирүүдө, өлкөдө 25,7 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экени белгиленди.
Билдирүүдө: «Суданда 843 миңден ашуун адам өлкө ичинде жер которгон. Эгер кагылышуу улана берсе 1,8 миллион адам өлкө ичинде жер котороору күтүлүүдө. Кагылышууга чейин Суданда 3,8 миллион адам жер которгон жана 1,1 миллион качкын пайда болгон»,- деп айтылган.
Коңшу өлкөлөргө болжол менен 259 миң судандык барганы белгиленген билдирүүдө, кагылышуу улана турган болсо 1 миллиондон ашуун кишинин бул өлкөлөргө өтө ала турганы белгиленди.