Россиянын Украинага карата чабуулу, Кулеба - Ли Хуй жолугушуусу

Украинанын борбор шаары Киевге карата бүгүн эрте менен орус армиясы тарабынан абадан чабуул жасалды.

1988015
Россиянын Украинага карата чабуулу, Кулеба -  Ли Хуй жолугушуусу

Украинанын борбор шаары Киевге карата бүгүн эрте менен орус армиясы тарабынан абадан чабуул жасалды.

Киев шаардык аскердик башкаруусунан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, орус армиясынын май айында борбор шаарга 9 жолу абадан жана ракеталык чабуул жасагандыгы билдирилип : "Май айынын башынан бери борбор шаарга  тогузунчу жолу абадан чабуул жасалды. Бул жолу  Каспий аймагынан стратегиялык бомбалоочу учактар Ту  - 95 МС, Ту  - 160 тарабынан жана ыктымалдуу түрдө X-101/555 үлгүсүндөгү канаттуу ракета менен ишке ашырылды",- деп айтылды.

Орус күчтөрүнүн чабуул учурунда учкучсуз учуучу аппараттарды да колдонгондугу айтылган билдирүүдө алдын ала маалыматтарга караганда бардык буталарды Украина аба күчтөрүнүн жок кылгандыгы белгиленди.

Абада жардырылган ракета бөлүкчөлөрүнүн Киевдин Деснянский жана Дарницкий райондоруна келип түшүүсү менен өрт чыккандыгы  белгиленген билдирүүдө : "Ракеталардын жана  учкучсуз учуу аппараттарынын үлгүсү, саны тууралуу акыркы маалыматтар жакында аба күчтөрү тарабынан билдирилет",- деп айтылды.

Бир тараптан Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Кытайдын Евразия иштери боюнча жооптуу атайын өкүлү Ли Хуй менен жолугушуусунда Украинанын согушту токтотууну күткөн эч бир сунушту кабыл албай тургандыгын баса белгиледи. 

Украинанын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта министр Кулебанын 16 - 17 -  май күндөрү Украинанын борбор шаары Киевге барган Ли Хуй менен жолугушкандыгы маалымдалды.

Маалыматта министр Кулебанын Лиге Украинанын эгемендүүлүгүнө жана жеринин бүтүндүгүнө карата сыйга таянган, улантууга боло турган жана адилеттүү тынчтыкты кайрадан тургузуу принциптери тууралуу кенен маалымат бергендиги  жана : "Кулеба Украинанын жерлерин жоготууну же согушту токтотууну күткөн эч бир сунушту кабыл албай тургандыгын баса белгиледи",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар