Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Конашенков орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1988236
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, түн ичинде узак аралыкка учуучу жогорку тактыктагы ракеталар менен Украинага чабуулдарында маанилүү көлөмдөгү курал-жарак жана ок-дары запастарына сокку урулганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинада белгилүү буталарга кол салгандарын белгилеген Конашенков:«Бүгүн түн ичинде Орусиянын куралдуу күчтөрү деңизден жана абадан жогорку тактыктагы алыскы аралыкка атуучу ракеталар менен топтук чабуулдарды аткарышты. Чабуулдар максатына жетти. Бардык аныкталган объектилерге сокку урулду. Чабуулдардын натыйжасында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн олуттуу өлчөмдөгү курал-жарак жана ок-дарыларынын запасы жок кылынды, ал эми аскерлердин кагылышуу аймагындагы жүрүшүнө бөгөт коюлду»,-деп айтты.

Донецк багытындагы орус аскерлеринин Бахмутту көзөмөлгө алуу үчүн кагылышууларды улантканына көңүл бурган Конашенков; Часов Яр, Богдановка конуштарында Украина армиясынын адам күчү жана аскердик техникалык унааларына учак жана артиллериялык чабуулдар менен сокку урганын билдирди.

Орус учактарынын Славянск отурукташуу жерине жакын жерде Украинага таандык Су-24 учагын атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков, абадан коргонуу системалары менен Запорожье аймагындагы Новопавловка отурукташуу жерине жакын жерде бир украин тик учагын атып түшүрүшкөнүн да белгиледи.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айтты.



Тектеш кабарлар