Орусия менен Украина дан коридору келишиминин узартылганын ырасташты
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада өткөргөн апталык маалымат жыйынында Кара деңиз дан коридору келишимине байланыштуу билдирүү жасады.

Орус жана украин бийликтери Кара деңиз дан коридору келишиминин 18-июлга чейин узартылганын ырасташты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, борбор шаар Москвада өткөргөн апталык маалымат жыйынында Кара деңиз дан коридору келишимине байланыштуу билдирүү жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын келишимдин дагы 2 айга узартылганын билдиргенине көңүл бурган Захарова: «Биз бул темадагы айтылгандарды тастыктайбыз. Ушундайча дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун сөздө эле эмес иш жүзүндө да камсыз кылууга, баарынан мурда ага эң муктаж болгон өлкөлөргө жардам берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү»,- деди.
Захарова келишимди ишке ашыруу процессиндеги көйгөйлөрдүн тез арада чечилиши керектигин жана адистердин бул маселенин үстүндө иштей тургандарын баса белгиледи.
Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, дан келишиминин 18-июлга чейин узартылганын айтып: «Биз Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жана түрк өнөктөштөрүбүздүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо аракети үчүн ыраазычылык билдиребиз»,-деди.
Кубраков келишимди ишке ашыруудагы «жасалма» тоскоолдуктарды жоюу керектигине басым жасады.
Президент Эрдоган Кара деңиз дан коридору келишиминин дагы 2 айга узартылышына чечим чыгарылганын кечээ жарыялаган.