НАТОнун Украинаны колдоо билдирүүсү

Орусияда «чет элдик агент» катары саналып, кирүүсүнө бөгөт коюлган оппозициялык  «Дожд» телеканалына берген маегинде Столтенберг Орусия-Украина согушу тууралуу билдирүү жасады.

1987944
НАТОнун Украинаны колдоо билдирүүсү

 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын билдирди.

Орусияда «чет элдик агент» катары саналып, кирүүсүнө бөгөт коюлган оппозициялык  «Дожд» телеканалына берген маегинде Столтенберг Орусия-Украина согушу тууралуу билдирүү жасады.

НАТО өлкөлөрүнүн Украинага курал жана ок-дарыларды ташып жатканын белгилеген Столтенберг, Британиянын Украинага узак аралыкка учуучу канаттуу ракеталарды жөнөтүүнү пландап жатканын айтты.

Столтенберг: «Украинанын (Орусиянын президенти Владимир) Путиндин агрессиясына туруштук берүү үчүн көбүрөөк курал-жарак жана ок-дарыга муктаждыгы бар. Ошол эле учурда мурда жөнөтүлгөн курал-жарактарды жаңы куралдарды жөнөтпөстөн эффективдүү колдонууну камсыз кылуу зарыл. Куралдарды оңдоо үчүн керектүү тетиктер жана ок-дарылар менен камсыздоо керек»,-деди.

Украинанын орус армиясына каршы чабуул баштоо пландарына баа берген Столтенберг Путиндин Украинага байланыштуу стратегиялык катачылыктарды кетиргенин айтты.

Столтенберг сөзүн улантып: «Путин былтыр Украинага кол салуу менен согушту аң-сезимдүү баштаганда, Украинаны бир нече күндөн кийин басып ала турганын ойлогон. Бул согуш 15 айдан бери уланууда. Украиндер Киевдин айланасынан баштап Харьков облусундагы, Херсон облусунун түштүк тарабындагы жерлерди бошотуп алууга жетишкен.  Контр чабуул боюнча операциялык чечимдерди украиндер өздөрү чыгарат.

Биз украиналыктарды өз жерин сактап калуу процессинде колдойбуз. Чабуул чоң же кичине болорун НАТО өлкөлөрү эмес, украиндер чечет. Биз керектүү колдоолорду көрсөтүшүбүз керек. Бул Путиндин экинчи стратегиялык катасы болду. Ал Украинаны колдоо туурасында НАТОну экиге бөлөм деп ойлогон»,-деди.

«Эгер кол салуу ийгиликтүү болбосо, Украинаны колдоону улантасыңарбы?» деген суроого Столтенберг: «Албетте, биз Украинаны колдоону улантабыз. Биз Украинаны зарыл болгонго чейин колдоону улантабыз. Муну биз көп жолу айттык. Эгер Путин бул согушта жеңишке жетсе, бул Украина үчүн да, биз үчүн да чоң трагедия болот»,-деп жооп берди.

Столтенберг согушту токтотуу мүмкүнчүлүгүнө баа берип жатып буларга токтолду: «Орусияга эч ким кол салган жок. Украина Орусия үчүн коркунуч туудурган жок, бирок Путин кошуна өлкөлөрдү көзөмөлдөш керек деп эсептейт. Ошондуктан эгемен Украинага кол салууну чечти. Ушул себептен Орусия чоң чыгым төлөп жатат. Орусия изоляцияланды. Натыйжада орус эли жакырлашты. Путин баштаган согушта орус жаштары замбирекке жем болуп жатканын көрүүдөбүз.

Путин согушту баштады. Путин да бүгүн бул согушту токтото алат. Путин өз аскерлерин Украинага жөнөтүүнү токтотсо, тынчтык орнойт. Орусия да коопсуз болот. Анткени Орусияга НАТО тараптан эч кандай коркунуч жок. Эгер (Украинанын президенти Владимир) Зеленский менен украиналыктар согушун токтотушса, Украина көз карандысыз мамлекет катары жок болот. Бул согушта бир гана агрессор бар, ал – Путин менен Кремль. Булар гана согушту токтотууга жооптуу. Бул Орусиянын кызыкчылыгында болмок. Ошондуктан мен Путинди Украинадагы маанисиз согушту токтотууга чакырам»,-деп айтты.

Орусиянын өзөктүк курал колдонуу менен дүйнөнү коркутканына көңүл бурган Столтенберг: «Кремлдин өзөктүк курал колдонуу риторикасы НАТО өлкөлөрүн Украинага колдоо көрсөтүүдөн баш тартыруу аракети»,-деди.

Столтенберг Украинанын НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу: «НАТО өлкөлөрү Украинанын эртеби-кечпи НАТОго мүчө болоруна, эшиктер ачык бойдон калышына жана 31 мүчө Москва эмес, Украина менен чечим кабыл алышы керек деген пикирде, бирок мен азыр бул боюнча эч кандай мөөнөт бере албайм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар