БУУ Украинадагы кагылышууларды токтотуу үчүн баарынын милдеттүү экендигин жарыялады

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Түштүк Африканын Украинадагы тынчтык аракеттерине байланыштуу суроого жооп берди.

1987965
БУУ Украинадагы кагылышууларды токтотуу үчүн баарынын милдеттүү экендигин жарыялады

Бириккен Улуттар Уюму  Украинадагы кагылышууларды токтотуу үчүн баарынын милдеттүү экендигин жарыялады.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Түштүк Африканын Украинадагы тынчтык аракеттерине байланыштуу суроого жооп берди.

Дужаррик Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафосанын БУУнун баш катчысы Антонио Гутеррешке телефон чалып, демилге тууралуу маалымат бергендигин айтты.

"Жакшы ниеттүү  өлкөлөрдүн эмне кылышы керек экендигин, кылгандарын көрүп турабыз. Бул жерде таң кала турган эч нерсе жок.  Бул темада ар кимдин өзүнүн милдети бар",- деген Дужаррик  башкы катчынын да өз милдетин аткарып жатканын баса белгиледи.

Дужаррик Украинадагы кагылышуунун БУУнун уставы, тиешелүү чечимдердин жана эл аралык укуктун алкагында аякташы  баарынын каалоосу экендигине көңүлдөрдү бурду. 

Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса 6 Африка өлкөсүнүн лидерлеринин Россия  - Украина согушун токтотуу аракеттеринин алкагында тынчтык миссиясын түзө турганын билдирген.

Рамафоса өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Африка лидерлеринин тынчтык миссиясын сунуштагандыгын, эки лидердин да тынчтык миссиясы сунушун кабыл алгандыгын  белгилеген. 

 



Тектеш кабарлар