АКШнын Нигериядагы элчилигинин кызматкерлерине кол салуудан 7 киши каза болду

Президент Бухари кол салууну айыптап, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убада кылды.

1988242
АКШнын Нигериядагы элчилигинин кызматкерлерине кол салуудан 7 киши каза болду

Нигериянын түштүк-чыгышындагы Анамбра провинциясында АКШнын элчилигинин кызматкерлерине куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 7ге жетти.

Анамбра провинциясынын полиция башчысы Эченг Эченг басма сөз кызматкерлерине берген маалыматында 16-майда Огбару аймагында америкалык кызматкерлерди бутага алган кол салууда каза болгондордун саны 7ге жеткенин айтты.

Эченгдин айтымында, 2 адам дагы эле дайынсыз.

Кол салуудан кийин террордук уюм Биафранын түпкү элдерине (IPOB) карата операция жасалганын белгилеген Эченг, 2 IPOB мүчөсүнүн кармалганын айтты.

16-майда Анамбра провинциясына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн барган АКШ элчилигинин кызматкерлери Огбару аймагында дуушар болгон кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 2 АКШ элчилигинин жергиликтүү кызматкери жана 2 полиция каза болгон.

Президент Бухари кол салууну айыптап, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убада кылды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек болсо да, мындай аракеттер IPOB тарабынан маал-маалы менен жасалып турат.

1967-жылы Биафранын эли Нигериянын түштүгүндө көз карандысыз Биафра мамлекетин түзүүнү талап кылган жарандык согушта миллиондогон адамдар курман болгон.

1967-жылы өлкөнүн түштүк-чыгышында түзүлгөн Биафра Республикасы жарандык согуштун аягында кайрадан Нигериянын эгемендүүлүгүнө өткөн.



Тектеш кабарлар