Орусиянын Украинадагы чабуулдары
Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн чабуулдары тууралуу борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украина армиясына таандык Николаев шаарындагы ок-дары сакталган кампага деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен сокку урулганын билдирди.
Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы чабуулдары тууралуу борбор шаар Москвада билдирүү жасады.
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдарын улантканын белгилеген Конашенков: «Орусиянын Куралдуу Күчтөрү түн ичинде Николаев шаарындагы кеме оңдоочу ишкананын аймагында жайгашкан ири ок-дары кампасына деңизден алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен ыкчам чабуул жасады. Белгиленген буталарга сокку урулду»,- деди.
Конашенков HIMARS көп стволдуу ракета аткыч ракетасынын Орусиянын коргонуу системалары тарабынан тосулганын кабарлап: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 427 учак, 233 тик учак, 4 миң 197 учкучсуз учуучу аппарат, 422 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 9 миң 206 танк жана бронетехника, 1100 көп стволдуу ракета аткычтар, 4 миң 837 гаубицалар жана минометтор, 10 миң аскердик унаа жок кылынды»,-деп билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ орус күчтөрүнүн Украина армиясынын аскердик борборлоруна, Батыш өлкөлөрү тарабынан Украинага жөнөтүлгөн ок-дары, курал-жарак жана аскердик унаа кампаларына абадан жана деңизден алыскы аралыкка учуучу жогорку тактыктагы курал-жарактар менен чабуул жасалып, Украинанын борбору Киевде гиперүндүү "Кинжал" ракетасы менен Американын Patriot абадан коргонуу системасынын атылганын маалымдаган.