Нигерияда АКШлыктарга карата кол салуу болду

Нигериянын түштүк-чыгышындагы Анамбра штатында АКШ элчилигинин кызматкерлерине жасалган куралдуу кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 4 киши каза болду.

1987439

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Огбару аймагында АКШнын Анамбра штатындагы элчилигинин гуманитардык жардам иштерин жүргүзгөндүгү үчүн кызматкерлерине кол салуу болду.

Алгачкы маалыматтарга караганда кол салууда 4 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

АКШнын Абуджа элчилигинен берилген маалыматта АКШ кызматкерлеринин окуянын  териштирилиши үчүн Нигерия коопсуздук кызматкерлери менен кызматташуу түзгөндүгү билдирилди.

Нигериянын түштүгүндө Биафра жергиликтүү калктар террордук уюму тарабынан кээ кээде мындай кол салуулар болууда.

1967 -  жылы Биафра калкынын Нигериянын түштүгүндө көз карандысыз Биафра мамлекетин куруу талабы менен көтөрүлүп, чыккан жарандык согушта миллиондогон киши каза болгон.

1967-жылы өлкөнүн түштүк-чыгышында түзүлгөн Биафра Республикасы жарандык согуштун аягында кайрадан Нигериянын эгемендүүлүгүнө өткөн.

Тектеш кабарлар