Моча бороонунан миңдеген киши жабыркады

Бангладеш жана Мьянмада болгон Моча бороонунан рохинжа качкындары жашап жаткан дагердеги 21 миң киши жана 4 миңден ашуун үй   - бүлөнүн жабыр тарткандыгы билдирилди.

1987459
Моча бороонунан миңдеген киши жабыркады

Бангладеш жана Мьянмада болгон Моча бороонунан рохинжа качкындары жашап жаткан лагердеги 21 миң киши жана 4 миңден ашуун үй   - бүлөнүн жабыр тарткандыгы билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Швейцариядагы Женева кеңсесинин маалымат бөлүмүнүн басма сөз жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Роландо Гоместин модераторлугу астында жумалык маалымат жыйын өткөрүлдү.

Жыйында Бангладеш менен Мьянма чек арасындагы миңдеген адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизген Моча бороону талкууланды.

БУУнун Мьянма гуманитардык жардам боюнча координатору Раманатхан Балакришнан онлайн жыйынга катышып,  14-майда болгон бороондун  Ракхайн штатында таасирдүү болгонун айтты.

Балакришнан : "Жээкке келген бороон ички тарапка карай жылып, кагылышуулардан  улам миллиондогон адамдар жер которгон аймактарды суу каптады. Бороондун багытында  5,4 миллион адамдын бар экендиги болжолдонууда",-деди.

Балакришнан Мьянмада жалпысынан 17 миллион адамдын да гуманитардык жардамга муктаж экенин белгиледи.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын катчысы Ольга Саррадо Моча бороонунун Бангладештеги качкындар лагерлерине олуттуу таасир тийгизгенин айтты.

Саррадо бороондон улам рохнжа качкындары калган лагерлерде 21 миңден ашуун кишинин жана 4 миңден ашуун үй-бүлөнүн жабыркаганын белгиледи.

Жаратылыш кырсыгынан кийин аймакта гуманитардык жардам топторунун иштей баштаганын белгилеген Саррадо, баш калкалоочу жай, ичүүчү суу жана медициналык каражаттарга муктаждыктын бар экенине басым жасады.

 

 

 



Тектеш кабарлар