Европа Биримдигине мыйзамсыз кирүүлөр барган сайын көбөйүүдө

Frontex жылдын биринчи 4 айында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөрдүн өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга өсүп 80 миң 700гө жеткенин билдирди.

1987279
Европа Биримдигине мыйзамсыз кирүүлөр барган сайын көбөйүүдө

Жылдын алгачкы 4 айында Европа Биримдигине  мыйзамсыз кирүү көбөйдү.

Башкы кеңсеси Польшанын борбор шаары Варшавада жайгашкан Европа Биримдигинин чек ара коргоо мекемеси Frontex жылдын биринчи 4 айында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө мыйзамсыз кирүүлөрдүн өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга өсүп 80 миң 700гө жеткенин билдирди.

Frontexтен берилген билдирүүгө караганда жылдын биринчи 4 айында Европа Биримдигинин тышкы чек араларында аныкталган мыйзамсыз жолдор менен  чек арадан өтүүлөрдүн саны, 2016-жылдан бери эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Бул жылдын  алгачкы 4 айында кирүү үчүн эң көп колдонулган жол Борбордук Жер Ортолук деңизи болду. Бул жолдон 42 миң 165 киши Европа Биримдиги өлкөлөрүнө кирди. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 292 пайызга өсүү катары катталды. Борбордук Жер Ортолук деңизинен эң көп Кот-д'Ивуар, Гвинея жана Пакистандын жарандары өткөн.

Экинчи жол болгон Батыш Балкандардан киргендердин саны 21 пайызга азайып 22 миң 546га төмөндөдү.Бул жолдон эң көп сириялыктар менен афганистандыктар өткөн.

Үчүнчү орунда Чыгыш Жер Ортолук деңизден келгендердин саны 31 пайызга азайып, 7 миң 856га жетти. Чыгыш Жер Ортолук деңиз жолун эң көп колдонгондор сириялыктар, палестиндер жана афгандар болду.

 



Тектеш кабарлар