Гутерриш эл аралык коомчулукка чакырык салды

Гутерриш Ямайканын премьер-министри Эндрю Холнесс менен жолугушкандан кийин билдирүү жасады.

1987049
Гутерриш эл аралык коомчулукка чакырык салды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту "Кариб аймагынын коопсуздугуна коркунуч келтирген" Гаитидеги кылмыштуу топтордун зомбулуктарына каршы чара көрүүгө чакырды.

Ямайканын премьер-министри Эндрю Холнесс менен жолугушкандан кийин билдирүү жасаган Гутерриш, Гаити өкмөтүнүн талабына карабастан өлкөдөгү кылмыштуу топтордун зомбулугуна каршы күрөшүү үчүн Ямайкадан башка эч бир өлкөдөн колдоо болбогонун айтты.

Гутерриш Гаитинин, зордук-зомбулуктун күчөшү жана "начарлаган саясий системасынан" улам шашылыш гуманитардык жардамга муктаж экенин баса белгиледи.

Гаитидеги «трагедиялуу абалдын» бул өлкөгө гана коркунуч келтирбегенине көңүл бурган Гутерриш: «Бул маселеге биринчи кезекте жеке кызыкчылык катары кароо керек, анткени Гаитидеги азыркы кырдаал бүткүл аймактын, ал тургай андан тышкаркы аймактардын коопсуздугуна коркунуч келтирет»,-деди.

Гутерриш Гаитиде күчөп бараткан кылмыштуу топтордун зомбулуктары менен күрөшүүдө туңгуюкка кептелгенин белгиледи.

Өлкөдөгү куралдуу топтордун кагылыштарынан улам 2022-жылдын апрелинен бери жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.



Тектеш кабарлар