Ганнуши 1 жыл абак жазасына тартылды

Рашид ал-Ганнуши "коопсуздук күчтөрүнө акаарат келтирди" деген айып менен бир жылга эркинен ажыратылды.

1987089
Ганнуши 1 жыл абак жазасына тартылды

Тунисте "Нахда" кыймылынын лидери жана парламенттин мурдагы төрагасы Рашид ал-Ганнуши "коопсуздук күчтөрүнө акаарат келтирди" деген айып менен бир жылга эркинен ажыратылды.

Биринчи инстанциядагы соттун билдирүүсүндө, коопсуздук күчтөрүн «тагуттун аскерлери» деп атагандыгы үчүн ачылган жалаа доосунун алкагында соттолгон Ганнуши   "терроризмди мактоо кылмышынан"" бир жылга эркинен ажыратылып, миң динар (330 доллар) айып пул төлөй тургандыгы маалымдалды.

Бир коопсуздук кызматкери Ганнушинин 2022 -  жылы февраль айында бир жаназа зыйнатында сүйлөгөн сөзүндө коопсуздук күчтөрүнө карата "тагут" деген сөздү колдонгону үчүн  акаарат кылды деген негиз менен арызданган. 

Бул арыз боюнча ачылган тергөөнүн алкагында Ганнушинин камоосуз  соттолушуна чечим чыгарылды.

Нахда лидери "мамлекеттин коопсуздугуна каршы кутум түзүү" беренеси менен жүргүзүлүп жаткан тергөөдө камакка алынды.

Тергөөнүн алкагында 17-апрелде камакка алынган Ганнуши соттук териштирүүгө чейин абакка жиберилген. 

 

 

 



Тектеш кабарлар