БУУ Түркияга ыраазычылык билдирди

Гриффитс БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы гуманитардык кырдаал талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.

1986866
БУУ Түркияга ыраазычылык билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча баш катчысынын орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс түрк өкмөтүнө Кара деңиз дан демилгесине карата көрсөткөн «аракети, энергиясы жана чечкиндүүлүгү» үчүн ыраазычылык билдирди.

Гриффитс БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы гуманитардык кырдаал талкууланган сессияда сөз сүйлөдү.

Акыркы апталарда демилгенин узартылышы жана натыйжалуу иштеши үчүн бекемделишине байланыштуу тыгыз сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлгөнүн билдирген Гриффитс: «Кара деңиз дан демилгесинин улантылышы абдан маанилүү. Биз бардык тараптарды операциянын үзгүлтүксүз жана эффективдүү ишке ашуусу үчүн өз милдеттерин аткарууга чакырабыз. Дүйнө бизге байкоо салууда»,-деп айтты.

Гриффитс бул демилгени баштоодо да маанилүү роль ойногон Түркиянын акыркы сүйлөшүүлөрдү Стамбулда өткөргөнүн эске салып: «Түрк өкмөтүнө бул демилгенин улантылышына карата көрсөткөн аракети, энергиясы жана чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет»,-деди.

Демилгенин негизинде 30 миллион тоннадан ашуун жүктүн Украина портторунан коопсуз экспорттолгондугун билдирген Гриффитс, алардын 55 пайызынын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, 6 пайызынын аз өнүккөн өлкөлөргө жеткенин белгиледи.

Гриффитс ошондой эле Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) акыркы маалыматтарына караганда, дандын дүйнөлүк баасы акыркы 12 айда 20 пайызга төмөндөгөнүн айтты. 



Тектеш кабарлар