АКШнын Украинага бере турчу танктары Германияда

Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер билдирүү жасады.

1986932
АКШнын Украинага бере турчу танктары Германияда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо департаменти (Пентагон), Украинага бериле турган 31 даана M1 Abrams танкынын фронтко жөнөтүлөрдөн мурда Украина аскерлеринин машыгууларында колдонулушу үчүн Германиянын Графенвоер шаарына жеткирилгенин жарыялады.

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Патрик Райдердин айтымында, буга чейин убада кылынган танктар Графенвуэр шаарына жетти.

Америкалык генерал, Украинанын техникалык тейлөөчү жана танк кызматкерлеринин да келерки апталарда танктык машыгуудан өтүү үчүн Германияга бара турганын маалымдады.

Райдер: «Украиналык экипажды жана тейлөөчүлөрдү окутуунун бул комплекстүү программасы, аларды M1 танкын эффективдүү колдонууда жана украин элин коргоодо маанилүү ролго даярдоону максат кылууда»,- деди.

Америка Кошмо Штаттары январь айында өнүккөн соот жана курал-жарактар ​​менен жабдылган танктарды бере турганын жарыялаган.

Башында АКШ Украина коопсуздук жардамы демилгесинин каражаттарынын эсебинен Украинага жөнөтүү үчүн жаңы M1A2 Abrams танктарын сатып алууну пландаган.

Бирок Коргоо дапертаменти жеткирүү процессин тездетүү үчүн март айында АКШнын инвентарындагы M1A1 Abrams танктарын жаңылап Украинага берүү чечимин кабыл алган.

АКШ администрациясы бул танктардын эң кеч күзүндө Украинада фронтто болорун болжолдоп жатат.



Тектеш кабарлар