Орусия-Украина согушундагы абал, окуялар...

Конашенков орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1986313
Орусия-Украина согушундагы абал, окуялар...

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков украин армиясынын Бахмуттагы орус коргонуу линиясын жарып өтүү үчүн чоң аракет жасаганын, бирок бардык чабуулдардын мизин кайтарганын айтты.

Конашенков орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Орус армиясынын Украинадагы кээ бир буталарга сокку урганына көңүл бурган Конашенков: «Орусиянын куралдуу күчтөрү алыскы аралыкка атуучу ракеталар менен Тернополь жана Днепропетровск облусунун Петропавловка шаарларында Украинанын куралдуу күчтөрү жайгашкан чекиттерди батыш өлкөлөрүнөн келген курал-жарак, ок-дарылар жана аскердик-техникалык унаалар сакталган жерлерге сокку урду. Кол салуулар өз деңгээлине жетти. Бардык аныкталган объектилерге сокку урулду»,-деп айтты.

Соледар жана Артёмовск (Бахмут) багытында кагылышуулардын уланып жатканына көңүл бурган Конашенков чабуулчу отряддардын орус аба-десант аскерлеринин колдоосу менен Бахмуттун батыш аймактарын алуу үчүн күрөшүп жатканын билдирди.

Украин аскерлери Бахмуттун түштүгүндө жана түндүгүндө орус аскерлеринин коргонуусун жарып өтүү үчүн чоң аракеттерди жасаганын айткан Конашенков: «Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бардык чабуулдарынын мизи майтарылды. Орус аскерлеринин коргонуусун жарып өтүүгө уруксат берилген жок»,-деди.

 

Конашенков: «Соледар-Артёмовск багытында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 400дөн ашык жоокери набыт болду жана жарадар болушту. 12 танк, 18 аскердик техника, 2 бронетехника жана 1 Д-20 гаубицасы жок кылынды»,-деп айтты.

Конашенков ошондой эле Хмельницкий шаарында украин армиясынын арсеналы жок кылынгандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшүп, Донецк облусундагы Новогородовка конушуна жакын жерде Украинанын Су-27 согуштук учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айтты.



Тектеш кабарлар