Израиль менен Палестина ок атышпоо келишимине кол койду, окуялар...

Исламий Жихад Кыймылынын лидерлеринен Халид Батш Тель-Авив башкаруусу менен жетишилген жана кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө күчүнө кирген ок атышпоо тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1986135
Израиль менен Палестина ок атышпоо келишимине кол койду, окуялар...

Исламдык Жихад Кыймылы Израиль ок атышпоо келишимине баш ийе турган болсо, алар да аткара турганын билдирди.

Исламдык Жихад Кыймылынын лидерлеринен Халид Батш Тель-Авив башкаруусу менен жетишилген жана кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө күчүнө кирген ок атышпоо тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Батш : «Израиль ортомчуларга берген убадаларын аткарып, ок атышпоо келишимин карманып турушса Исламдык Жихад жана Палестина топтору да ага баш ийишет»,-деди.

Халид Батш Израилдин ички кризистерин Палестинага экспорттоо аракетине каршылык жана улуттук биримдик менен каршы чыга турганын белгиледи.

Бир тараптан Израилдин Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Цачи Ханегби жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Тель-Авив башкаруучулугунун Египеттин ортомчулук сунушун кабыл алуусунун «тынчтыкка каршы тынчтык» дегенди түшүндүрдү.

«Израиль кандайдыр бир кол салууга же коркунучка кабылса, өзүн коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасайт»,- деп айткан Ханегби ошондой эле Египет жана президент Абдулфеттах эс-Сисиге ок атышпоо үчүн болгон катуу аракеттеринен улам ыраазычылык билдирди.

9-майдан бери Газа тилкесине абадан кол салууларды жүргүзүп жаткан Израиль менен Газадагы палестин топторунун ортосунда ок атышпоо келишими түзүлдү.

Шейшемби күнү, 9-майда Израиль армиясы Исламдык Жихад Кыймылынын аткаруучу кызматкерлерин бутага алганын жүйө кылып, курчоого алынган Газага чабуул жасады.

Израилдин кол салууларында 6 бала жана 3 аял болгон 33 палестиналык каза болуп, 32си бала 17си аял болгон 93 палестиналык жараланды.

Израилдин Газага кол салууларында Исламдык Жихаддын аткаруучу аппаратынын алты мүчөсү да набыт болду.

Палестиналык топтор бул кол салууларга Газадан Израиль тарапка миңден ашуун ракета жана миномет атуу менен жооп берди.

11-майда Газа тараптан атылган ракеталардын бири Реховот шаарындагы турак жайга тийип, бир израилдик набыт болгон.



Тектеш кабарлар