Байден: «Ак үстөмдүк -АКШдагы эң коркунучтуу террордук коркунуч»

Байден Вашингтондогу Ховард университетинин бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

1986111
Байден: «Ак үстөмдүк -АКШдагы эң коркунучтуу террордук коркунуч»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден өлкөдөгү эң коркунучтуу терроризм коркунучу «ак үстөмдүк» экенин айтты.

Байден Вашингтондогу Ховард университетинин бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.

Байден АКШдагы актардын үстөмдүгүн сынга алып: «Ак үстөмдүк-биздин мекенибиздеги эң коркунучтуу террордук коркунуч»,-деп айтты..

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти бул билдирүүлөрдү бардык жерде дайыма айтып келерин билдирди.

Өз сөзүндө Америка Кошмо Штаттарын ички кагылышуулардан улам солкулдаган мамлекет катары мүнөздөгөн Байден бүтүрүү аземинде студенттерди «улуттун руху үчүн күрөшүүгө» үндөдү.

Байдендин расизмге каршы сөзүнө карабастан, кээ бир студенттердин колдорунда «Байден менен Харрис караларга көңүл бурбайт» жана «Тургула, күрөшкүлө, каралар кол салууга дуушар болууда» деген баннерлерди көтөрүп чыгышканы көңүлдү бурду.

Ховард университетинде бүтүрүү сөзүн сүйлөгөн кызматтагы 7-президент болгон Байденге университет жетекчилиги тарабынан ардактуу докторлук наамы ыйгарылды.

Байдендин орун басары Камала Харрис дагы Ховард университетинин бүтүрүүчүсү.



Тектеш кабарлар