Өткөн жылы 61 миллион киши жер которду

Эл аралык миграция уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ички жер которууну көзөмөлдөө борборунун  отчетунда 2022-жылдагы ички жер которуу көрсөткүчтөрүнүн талкууланганы белгиленди.

1985724
Өткөн жылы 61 миллион киши жер которду

2022 -  жылы жалпы дүйнөдө 61 миллион киши өлкө ичинде жер которгон.

Эл аралык миграция уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ички жер которууну көзөмөлдөө борборунун  отчетунда 2022-жылдагы ички жер которуу көрсөткүчтөрүнүн талкууланганы белгиленди.

Билдирүүдө бул сандын ушул кезге чейин билдирилген «эң жогорку ички жер которуу» экендиги белгиленди.

Отчетто кагылышуу жана зомбулуктун 28,3 миллион кишинин жер которуусуна себеп болгондугу жана бул сандын 60 пайызын Украинанын түзгөндүгү билдирилди.

Жыл сайын миллиондогон кишинин апааттардан улам жер которгондугу белгиленген отчетто өткөн жылы Пакистандагы селдер жана Филиппиндеги Нору тайфуну да болгон табигый кырсыктардын 32,6 миллион кишинин өлкө ичинде жер которуусуна себеп болгону баса белгиленди. Отчетто ички жер которууга карата чечүүчү жолдун алдындагы эң күчтүү тоскоолдуктун азык  - түлүк коопсуздугуна да басым жасалды.



Тектеш кабарлар