Кара деңиз дан демилгесин улантуу аракеттери

БУУнун билдирүүсүнө караганда Гриффитс 10-11-майда Стамбулда Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрлеринин орун басарларынын катышуусунда өткөн Кара деңиз дан демилгесинин жыйынында сөз сүйлөдү.

1985503
Кара деңиз дан демилгесин улантуу аракеттери

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча баш катчысынын орун басары жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитс, БУУнун Кара деңиз дан демилгесин улантуу жана толук ишке ашыруу үчүн бардык тараптар менен тыгыз кызматташууну уланта турганын айтты.

БУУнун билдирүүсүнө караганда Гриффитс 10-11-майда Стамбулда Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрлеринин орун басарларынын катышуусунда өткөн Кара деңиз дан демилгесинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Бул демилгенин глобалдык азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанисин кайталаган Гриффитс, демилге башталгандан бери Украинадан 30 миллион метрикалык тоннадан ашык дан жана азык-түлүктү коопсуз экспорттоого көмөктөшкөн тараптарды куттуктады.

Тольятти-Одесса аммиак куурун кайра иштетүү, келишимдин мөөнөтүн узартуу, биргелешкен координациялык борборду жакшыртуу сыяктуу көптөгөн темалар талкууланган жыйында Мартин Гриффитс Орусиядан азык-түлүк жана жер семирткич экспортунун олуттуу салымын жогору баалады.

Гриффитс БУУнун демилгени улантуу жана толук ишке ашыруу үчүн бардык тараптар менен тыгыз кызматташууну уланта турганын баса белгиледи.

Украинанын коомчулуктар, аймактар ​​жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Александр Кубраков да социалдык медиа баракчасынан, Кара деңиз дан демилгесинин мөөнөтүн узартуу үчүн аракет кылып жатышканын билдирди.

БУУ менен Түркиянын сүйлөшүүлөрдүн онлайн улантылышын сунуштаганын белгилеген Кубраков : «Украина делегациясы дан демилгесинин мөөнөтүн узартууну талап кылууда жана кечиктирилбестен кемелерди каттоонун, текшерүүнүн улантылышы керектигин баса белгилөөдө»,-деди.



Тектеш кабарлар