Нигерияда кайык оодарылып 15 киши каза болду
Шагари районунун расмий өкүлү Алию Абубакар жергиликтүү гезитке, Дандежи айылынан жолго чыккан кайыктын Шагари дарыясында оодарылып кеткенин айтты.
1984597

Нигериянын Сокото аймагындагы Шагари дарыясында кайыктын оодарылышынан 15 киши каза болуп, бир топ киши дайынсыз жоголду.
Шагари районунун расмий өкүлү Алию Абубакар жергиликтүү гезитке, Дандежи айылынан жолго чыккан кайыктын Шагари дарыясында оодарылып кеткенин айтты.
Абубакар издөө-куткаруу иштери учурунда 15 кишинин жансыз денесинин табылганын, көп сандаган кишинин да дайынсыз экенин кабарлады.
Дайынсыз жүргүнчүлөрдү табуу аракеттеринин уланып жатканын белгилеген Абубакар, каза болгондордун санынын көбөйөрүнө тынчсыздануусун билдирди.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.