Блинкен Түркия жана Гутерришке ыраазычылык билдирди
Блинкен борбор шаар Вашингтонго барган Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерришке Кара деңиз дан коридорун кайрадан ачуу аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Блинкен борбор шаар Вашингтонго барган Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Жолугушууда Украина-Орусия согушу, Кытай менен атаандаштык, аймактык жана глобалдык коопсуздук темаларын сүйлөшкөндөрүн белгилеген Блинкен: «Кара деңиз дан демилгесинин улантылышы жана масштабын кеңейтүүнүн чукул зарылдыгын талкууладык»,-деди.
Блинкен: «Акыркы күндөрдө Орусия дагы бир жолу Украина портторуна кемелердин баруусуна жол бербей дүйнөлүк рынокко, Африка, Жакынкы Чыгыш жана дүйнө жүзү боюнча муктаж адамдарга бара турган тамак-аштын көлөмүн азайтууга кайтып келди. Биз БУУнун баш катчысына жана Түркиядагы кесиптештерибизге дан коридорун кайра ачуу үчүн талыкпай аракет кылгандарына ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.