Владимир Путин 9 - Май жеңиш күнүндө сөз сүйлөдү

Россиянын президенти Владимир путин 9 -  Май жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөп : "Батыш фашисттерди кимдин жеңгенин унутту",- деди.

1984311
Владимир Путин  9 -  Май жеңиш күнүндө сөз сүйлөдү

Россиянын президенти Владимир Путин 9 -  Май жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөп : "Батыш фашисттерди кимдин жеңгенин унутту",- деди. 

Владимир Путин борбор шаар  Москвада Кызыл аянтта СССРдин Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңгенишинин 78 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

Орус лидери салтанатта сүйлөгөн сөзүндө батыш элиталары жек көрүүнүн жана «русофобиянын» үрөнүн сепкенин белгилеп, тынчтыкчыл  келечекти көргүсү келгенин айтты.

 

Батышта советтик аскерлердин эстелмктеринин жок кылынгандыгын, анын ордуна  нацисттик маданияттын жаратылгандыгын айткан Путин : "батыш фашисттерди кимдин жеңгенин унутту",- деди. 

 

Путин 2022-жылдын 24-февралында согуш баштаган Украинада батыш өлкөлөрүнүн амбицияларынан улам мамлекетке каршы аскердик төңкөрүш жасалганын, украиндердин мунун туткуну экенин айтты.

“Дүйнө Россияга каршы башталган согушта бурулуш баскычында турат”, - деген Россиянын президенти жеңишке чакырды.

 



Тектеш кабарлар