Түндүк Корея- Кытай мамилелери
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое Сон Хуй Кытайдын Пхеньяндагы жаңы элчиси Ванг Яцюнду кабыл алды.
Түндүк Корея менен Кытай достук мамилелерди чыңдоого чечкиндүү экендиктерин билдиришти.
Йонхаптын Түндүк Кореянын Борбордук кабар агенттигине (KCNA) таянган кабарына караганда, Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое Сон Хуйдун Кытайдын Пхеньяндагы жаңы элчиси Ванг Яцюнду кабыл алган жолугушуунун жылуу маанайда өткөнү белгиленди.
Жолугушууда министр Чое жана элчи Яцюн эки өлкөнүн ортосундагы «тарыхый жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө чечкиндүү экендиктерин» билдиришти.
Ванг Яцюн Түндүк Кореядагы расмий кызматын апрель айында баштаган.
2021-жылдын февраль айында Кытайдын Пхеньяндагы элчиси болуп дайындалган Яцюн, Ковид-19 себеп болгон чек ара чектөөлөрүнөн улам 2 жылдан кийин иштей баштады.
Кытай, ракета сыноолору жана өзөктүк программасы үчүн эл аралык санкцияларга дуушар болгон Түндүк Кореянын аймактагы салттуу жана экономикалык өнөктөшү.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.