Кытайдан Covid-19 чечими
Кытай Ковид-19ду "В классындагы эпидемия" катары классификациялоону уланта турганын жарыялады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу жарыяланган “глобалдык өзгөчө абалды” алып салды.
Кытай болсо Ковид-19ду "В классындагы эпидемия" катары классификациялоону уланта турганын жарыялады.
Кытайдын улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын билдирүүсүндө, ДССУнун чечими глобалдык тобокелдиктин жоюлганын билдирбейт деп айтылды.
Комиссия Кытайдын Ковид-19ду "В классындагы эпидемия" катары классификациялаганын жана ушул алкактагы чаралардын улантыла турганын кабарлады.
Билдирүүдө вирустун дагы деле мутацияга кабылып, жергиликтүү деңгээлде жайылышын улантып жатканы белгиленди.
Япония болсо Ковид-19ду мезгилдик сасык тумоо категориясына киргизип, өлкөдө коронавируска каршы карантиндик процедуралар да жокко чыгарылды.