Израиль Газага абадан кол салды

Кол салууда арасында балдар жана аялдар да болгон 12 киши каза болуп, 20 киши жараланды.

1987303
Израиль Газага абадан кол салды

Израиль  армиясы менен Ички чалгындоо уюму Шабак тарабынан Газага жасалган абадан кол салууда арасында балдар жана аялдар да болгон 12 киши каза болуп, 20 киши жараланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газага акыркы кол салуусунда 12 кишинин каза болгондугу,  20 кишинин жараланганы белгиленди.

Исламдык Жихад Кыймылынын куралдуу канаты болгон  Кудс бригадалары кол салуулар учурунда лидер кадрынан 3 кишинин , жубайлары жана балдары менен кошо өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Билдирүүдө Аскердик кеңештин башкы катчысы Жихад Шакир Ганнам шардын түндүк бөлүгүнүн командири Халил ел  -  Бехтини, Батыш шериадагы аскердик иш алып баруу лмдерлеринен Тарык Иззеддин жана лидерлердин жубайлары менен балдары үчүн кайгырып жатышкандарын белгиледи.

Исламдык Жихад кыймылынын катчысы Тары Силми а жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө баскынчы күчтөрдүн кылмыштарына жооп катары каршылык көрсөтүү күчтөрүнө бардык варианттар жана сценарийлер ачык экенин белгиледи.

ХАМАС кыймылынын лидери Исмаил Хания да билдирүүсүндө : "Израиль өлтүрүү операциясында жаңылышты жана мунун жообун алат. Лидерлерди чыккынчылык операциясы менен өлтүрүү басып алуучулуктун өзүнө коопсуздукту камсыздабайт.  Тескерисинче  каршылык көрсөтүүнү дагы да күчөтөт",- деди

Окуялардан кийин Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде кийинки билдирүүгө чейин билим берүүнүн токтотулганын билдирди.



Тектеш кабарлар