БУУ Хартум элчисине жасалган кол салууну айыптады

Фархан Хак мындай кол салуулардын кылдат иликтениши керектигин айтты.

1984233
БУУ Хартум элчисине жасалган кол салууну айыптады

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркиянын Хартумдагы элчиси Исмаил Чобаноглу да ичинде болгон дипломатиялык унааны бутага алган кол салууну айыптады.

Дипломатиялык конвойдун бутага алынышына байланыштуу БУУнун баш катчысынын орун басары Фархан Хак: «Жекшемби күнү түрк дипломатиялык конвоюна жасалган кол салуу менен бирге дипломатиялык кызматкерлерге багытталган ар кандай кол салууларды айыптайбыз»,- деди.

Фархан Хак мындай кол салуулардын кылдат иликтениши керектигин айтты.

Суданда Түркиянын Хартумдагы элчиси Исмаил Чобаноглунун конвоюндагы элчилик унаасына ок атылган болчу.

Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрү, элчи Чобаноглу да ичинде болгон дипломатиялык унааны бутага алган кол салуу үчүн бири-бирин күнөөлөшкөн.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, элчи Исмаил Чобаноглунун унаасына ок атылышына байланыштуу: «Атайын күчтөрүбүз менен бирге бир туугандарыбыздан, элчилигибизден жана күзөтчүлөрүбүздөн эч ким жабыркаган жок»,-деп билдирген.



Тектеш кабарлар