Испанияда эң кургак жана эң ысык апрель болду
Испаниянын метеорология институтунун (Аемет) маалыматында апрель айында өлкөдө орточо температура көрсөткүчүнүн 14,9 болгондугу жана мунун «ушул күнгө чейин катталган орточо көрсөткүчтөрдөн 3 градус жогору» болгону белгиленген.
Испанияда 1961-жылдан берки эң ысык жана эң кургакчыл апрель болду.
Испаниянын метеорология институтунун (Аемет) маалыматында, апрель айында өлкөдө орточо температура көрсөткүчүнүн 14,9 болгондугу жана мунун «ушул күнгө чейин катталган орточо көрсөткүчтөрдөн 3 градус жогору» экени айтылды.
Апрель айында күндүзгү эң жогорку абанын температурасы нормадан 4,7 градус жогору болгондугу тууралуу маалыматты бөлүшкөн Аемет, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү Андалусия жана Экстремадура аймактары менен Кастилья Ла-Манчанын түштүк-чыгышында абанын температурасы нормадан бир топ жогору болгонун белгиледи.
Маалым болгондой, 27-апрелде Кордова аэропортунда 38,8 градус, Севильянын Морон-де-ла-Фронтера районунда 37,4 градус, Севилья жана Гранада аэропортторунда 36,9 градустук ысыктыктар рекорддук көрсөткүч катары катталган.
Өлкөдө «апрель айында жаан-чачындын деңгээли да 1961-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлде болгон».
Тарыхындагы эң кургак апрель айларынын бирин өткөргөн Испанияда өткөн айда чарчы метрге 14,2 литр жаан-чачын түшүп, 1991-2020-жылдар үчүн белгиленген апрель айынын орточо көрсөткүчүнөн 22 пайыз төмөн болду.