Запорожье аймагындагы фронтко жакын 18 конуштагы адамдар эвакуацияланат

Запорожье облусунун губернатору  Евгений Балицкий жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Украина армиясынын акыркы мезгилде аймакка каршы артиллериялык чабуулдарын арттыргандыгын айтты.

1983328
Запорожье аймагындагы фронтко жакын 18 конуштагы адамдар эвакуацияланат

Россия аннексиялаган Запорожье аймагындагы фронтко жакын 18 конуштагы адамдар эвакуацияланат.

Орус башкаруусунун Запорожье облусунун губернатору  Евгений Балицкий жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Украина армиясынын акыркы мезгилде аймакка каршы артиллериялык чабуулдарын арттыргандыгын айтты.

Ушул себептен фронтко жакын 18 конуштун эвакуациялана турганын белгилеген Балицкий, биринчи кезекте балдар жана  үй-бүлөлөрү, кары-картаңдар, майыптар жана ден соолугунан жабыркагандардын эвакуацияланарын билдирди.

Балицкий :"Мен бул фронт аймактарында жашагандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милдеттүү чара экенин баса белгилейм. Киевдеги кылмышкерлер жарандык инфраструктураны бутага алууда, биз алардын согушуу ыкмаларын эске алып, ошого жараша чечим чыгарабыз",- деди.



Тектеш кабарлар