Лавров индиялык жана пакистандык кесиптештери менен жолугушту

Индиянын Гоа шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны бүгүн башталды.

1983049
Лавров индиялык жана пакистандык кесиптештери менен жолугушту
lavrov-bilaval butto zerdari.jpg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Индиянын Гоа шаарында болуп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында индиялык жана пакистандык кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Лавров индиялык кесиптеши Субрахманям Жайшанкар менен жолугуп, эки тараптуу карым-катнаштарды, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулады.

Билдирүүдө эки тараптын маанилүү эл аралык платформаларда өз ара аракеттенүүнүн алкагында координациялык иш-аракеттерди күчтөндүрүү боюнча убадаларын жаңылагандары белгиленди.

Эки министрдин «мамлекеттер аралык мамилелерде адилеттүү, көп полярдуу системаны» түзүү процессин улантууну макулдашкандары айтылды.

Лавров пакистандык кесиптеши Билавал Бхутто Зардари менен болсо Ооганстандагы кырдаалды талкуулады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, эки министр эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы карым-катнаштарды, аймактык жана глобалдык маселелерди да талкуулашканы маалымдалды.

Билдирүүдө: «Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланышты арттыруу боюнча макулдаштык»,-деп айтылды.

Индиянын Гоа шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны бүгүн башталды.



Тектеш кабарлар