Эне курсагындагы нарситеге операция жасалды
АКШда дарыгерлер эненин курсагындагы наристеге операция жасап өлкөнүн медицина тарыхына өттү.
АКШда дарыгерлер эненин курсагындагы наристеге операция жасап өлкөнүн медицина тарыхына өттү.
Луизиана штатында жашаган Дерек менен Кениата Колеман текшерилүү үчүн барган ооруканада дарыгерлер күтүлбөгөн нерсени байкашты.
Жергиликтүү маалыматк аражаттарынын билдиргенине караганда Бостон шаарындагы дарыгерлер наристенин мээсинин ичинде аз кездешкен кан тамыр аномалиясын аныкташты.
Наристенин мээсине байкоо жүргүзгөн дарыгерлер кемчиликтин коркунучтуу түрдө өскөндүгүн билдиришти.
Кош бойлуулугунун кадимкидей өткөндүгүн ойлогон эне Кениата курсагындагы нарситеге төрөбүстөн операция жасатып же жасатпашы тууралуу чечим чыгарышы керек болду.
Жуптун урукса бериши менен операция жасалды жана наристе дени сак төрөлдү. Операция АКШда эне курсагында бир нарстеге жасалган биринчи операция катары медицина тарыхына өттү.
2018 - жылы да орус дарыгерлер Тюмень шаарында эненин курсагындагы наристеге мээ операциясын жасашкан.
Тектеш кабарлар
Израилдин Коопсуздук кабинети чогулат
Жыйында Ирандын ракеталык чабуулуна Израилдин жооп кайтаруусунун карала турганы билдирилди.