Швеция терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы жаза кодексинин долбоорун жактырды

Парламентте өткөн добуш берүүдө мыйзам долбоору 34 «каршы» 268 «макул»  добушу менен кабыл алынды.

1982539
Швеция терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы жаза кодексинин долбоорун жактырды

Швециянын парламенти Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү боюнча Түркиянын негизги талаптарынын бири болгон конституциялык өзгөртүүгө ылайык терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы жаза кодексинин долбоорун жактырды.

Парламентте өткөн добуш берүүдө мыйзам долбоору 34 «каршы» 268 «макул»  добушу менен кабыл алынды. Солчул партия менен Жашылдар партиясы каршы чыккан конституциялык өзгөртүү үчүн добуш берүүгө 47 киши катышкан жок.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем өткөн айда Dagens Nyheter гезитине берген маалыматында Швецияда 1-июндан тарта күчүнө кире турган жаңы террордук жаза кодекси менен Түркиянын эскертүүлөрүнө да жооп берилерин айтты.

Террордук уюм ПКК/ЙПГнын Швециядагы иш-аракеттерине токтолгон Биллстрем : "ПККнын биздин жерлерибиздеги иш-аракеттери абдан кеңири. Түркияга каршы террордук кыймылдарды каржылоо үчүн комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле биздин жерди баң зат соодасына жана швед коомуна зыян келтирүүчү ар кандай жолдор менен акча чогултуу үчүн база катары колдонууда. Алардын башка өлкөдө терроризм үчүн колдонулушу биз бул иш-аракеттерге анча олуттуу эмес мамиле кылышыбыз керек дегенди билдирбейт», - деди

Өлкөдөгү террордук уюмдарга мүчө болгондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөгөн мыйзам долбоорунда террордук аракеттерге катышкан жана террордук уюмдар менен кызматташкандар 4 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгерде оордотуучу себептер болсо, бул кылмыштар үчүн жаза эң аз 2, эң көп дегенде 8 жылга эркинен ажыратылат.

Мыйзам долбоору бийликтегилерге террордук уюмдарды каржылаган же башка жол менен колдогон адамдарды кармоо жана сот жообуна тартуу боюнча алда канча кеңири ыйгарым укуктарды берет.



Тектеш кабарлар