Нигериядагы менингит эпидемиясы
Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.
1981803
Нигерияда быйыл менингит эпидемиясынан каза болгондордун саны 124кө жетти.
Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, акыркы бир жумада 297 менингит учурунун аныкталганы, эпидемиядан улам 6 кишинин каза болгону белгиленди.
Ушундайча январь айынан бери өлкөнүн борбор шаары Абуджа менен бирге 22 аймакта жайылган эпидемияга чалдыккандардын саны 532ге жеткени, эпидемиядан улам каза болгондордун санынын да 124кө көбөйгөндүгү кабарланды.
Нигериянын өкмөтү 2030-жылга чейин ооруну жеңүү үчүн глобалдык максатка умтулганын жарыялады.
Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.