АКШда курал тапшыруу кампаниясы

Мылтыгын алып келген адам 500 долларлык белек сертификатын алса, бирден ашык курал үчүн 150 доллардан кошумча белек сертификаты берилет.

1981728
АКШда курал тапшыруу кампаниясы

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк штатында жекече куралданууга каршы кампания башталды.

Мылтыгын алып келген адам 500 долларлык белек сертификатын алса, бирден ашык курал үчүн 150 доллардан кошумча белек сертификаты берилет.

Өлкө боюнча ок атуучу куралдарды кайтарып алуу үчүн тогуз пункт түзүлдү.

Кампания башталгандан бери 3 миңден ашык курал жеткирилди.

Нью-Йорктун башкы прокурору Летития Жеймс жетектеген өнөктүктүн алкагында 3 миңден ашык курал жеткирилгени жарыяланды.

Билдирмеге караганда, жеткирилген курал-жарактардын көбү штаттын тышынан келгендер.

Нью-Йорк полициясынын дагы өзүнчө кайра сатып алуу программасы бар, ал ар бир курал үчүн 200 доллар төлөйт.

АКШда жайгашкан Куралдуу Зомбулук Архивинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө куралдуу кол салуулардан 6 миңге жакын адам каза болду.



Тектеш кабарлар