Климаттын өзгөрүшүнөн улам 10 жылда мөңгүлөрдүн 2 пайызы эрип кетти

Криосаттан алынган сүрөттөрдүн иликтениши аркылуу мөңгүлөрдүн абалы боюнча дүйнөлүк изилдөөлөр жүргүзүлдү.

1980357
Климаттын өзгөрүшүнөн улам 10 жылда мөңгүлөрдүн 2 пайызы эрип кетти

Глобалдык климаттын өзгөрүшү 10 жылда 2 миллиард 720 миллион тонна муздун эришине себеп болду.

Европа космостук агенттигинин (ESA) колдонуудан чыгарылган Cryosat спутниги 2010-2020-жылдары 200 000 же андан көп мөңгүгө байкоо салган.

Криосаттан алынган сүрөттөрдүн иликтениши аркылуу мөңгүлөрдүн абалы боюнча дүйнөлүк изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Климаттын өзгөрүшү 10 жылда 2 миллиард 720 миллион тонна муздун эришине себеп болгон деген жыйынтыкка келген изилдөөдө, жок болуп кеткен мөңгү массасынын дүйнөдөгү мөңгүлөрдүн 2 пайызына туура келгени айтылды.

Изилдөөдө мөңгүлөрдүн 89 пайызы жогорку атмосфералык температурадан, 11 пайызы жылуу океан же көл суусунун айынан эригени аныкталды.

Эң көп жоготууга учураган Аляскада 80 миң тоннадан ашуун мөңгүнүн эрип кеткени белгиленген изилдөөдө, буга ысык аба ырайынын себеп болгонуна көңүл бурулду.

Өзгөргөн муздун бийиктиги жана массасы боюнча маалыматтарды чогулткан "радар бийиктик өлчөгүч" менен жабдылган Криосат, глобалдык жылуулуктун масштабын жана уюлдардагы мөңгүлөрдү өлчөө үчүн колдонулган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы “ Geophysical Research Lettersда” жарыяланды.



Тектеш кабарлар