Перуда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Түштүк Африка өлкөсү Перу мыйзамсыз миграция агымы менен күрөшүүнүн негизинде чек араларында өзгөчө кырдаал жарыялады.

1980126
Перуда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Түштүк Африка өлкөсү Перу мыйзамсыз миграция агымы менен күрөшүүнүн негизинде чек араларында өзгөчө кырдаал жарыялады.

Перунун президенти Дина Болуарте акыркы убакта өлкөгө мыйзамсыз жол менен кирген мигранттарда олуттуу өсүү болгонун белгилеп, мыйзамсыз өтүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн чек араларда өзгөчө кырдаал жарыялашкандарын белгиледи.

Аскердик бөлүктөрдүн Чили, Боливия, Бразилия, Эквадор жана Колумбиянын чек араларына жайгаштырыла турганы маалымдалды.

Болуарте бул чечимди коопсуздук максатында кабыл алышкандарын белгилеп : «Күн сайын кол салуу, каракчылык жана түрдүү кылмыштарга аралашкан чет элдиктер бар. Ошондуктан чара көрүүгө мажбурбуз»,-деди.

Коргоо министри Хорхе Чавес да өзгөчө кырдаалдын өлкөгө мыйзамсыз кирүүлөрдү алдын алуу максатында жарыяланганын белгиледи.

Жүздөгөн мигранттын Перунун Такна шаары менен Шилинин Арика шаарларынын ортосунда чогулуп, чек аралардан  өтүүгө аракет кылгандыгы жана коопсуздук күчтөрү менен кээ кээде кагылышууларга киргендиги кабарларда билдирилген.

Чилинин да чек араларда көзөмөлдү күчөткөндүгү жана өлкөгө мыйзам тышы жолдордон мигранттардын киришине уруксат бербей тургандыгы тууралуу маалымат берилген.

Улуттук статистика инститинунун билдиргенине караганда Перуда жашаган ар бир 10 мигранттан тогузунун венесуэлалык экендиги жана мунун 1,3 миллионго барабар экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар