Нетаньяхуга кибер чабуул жасалды

Моссаддын интернет сайтына кибер чабуул жасаган "Anonymous Sudan"   аттуу топтун Нетаньяхунун да интернет сайтына жана Фейсбук баракчасына кибер чабуул жасаганы белгиленди.

1980235
Нетаньяхуга кибер чабуул жасалды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жеке сайтына жана Фейсбук баракчасына кибер чабуул жасалды.

Израилде чыккан The Times of Israel гезитинде жарыяланган кабарда Израилдин тышкы чалгындоо мекемеси Моссаддын интернет сайтына кибер чабуул жасаган "Anonymous Sudan"   аттуу топтун Нетаньяхунун да интернет сайтына жана Фейсбук баракчасына кибер чабуул жасаганы белгиленди.

Кабарда чабуулга дуушар болгон Нетаньяхунун интернет сайтына кире албагандыгы билдирилди.

Нетаньяху Фейсбук баракчасына кире албагандыктан Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Беттин окуяны иликтеп жатканы кабарланды.

"Anonymous Sudanдын"   орус "Killnet" хакерлер тобу менен тыгыз байланышта деп болжолдолууда.

The Jerusalem Post гезитинин 4 - апрелдеги кабарында Израилдеги алдыңкы университеттердин веб-сайттары "Anonymous Sudan"  аттуу хакердик топтун кибер чабуулуна дуушар болгондугу белгиленген.

Израиль медиасында 14-апрелдеги кабарда Израилдин почта фирмасы аты аталбаган чоң банктар жана электр компаниясына карата кибер чабуулдан улам кыска убакытка кире албагандыгы билдирилген. 

Кечээ Моссад менен Израиль улуттук камсыздоо мекемесинин  интернет сайттарына кибер чабуул жасалган.

Чабуулду моюнга алган "Anonymous Sudan"    Телеграм эсебинен берген маалыматта : «Бул кол салуу чоң чабуул үчүн даярдык»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар