Михаил Подоляк Лавровдун БУУнун Коопсуздук Кеңешине жетекчилик кылышына баа берди
Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун БУУнун Коопсуздук Кеңешине жетекчилик кылышын "эки жүздүүлүк жана демократияны кемсинтүү" деп мүнөздөдү.

Подоляк соцтармактан берген билдирүүсүндө Лавровдун БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылышына баа берди.
Подоляк Лавровдун БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалыгын эки жүздүүлүк деп мүнөздөп : "Лавров БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылып жатат, согушту, кыргындарды, кыйратууларды мыйзамдаштырууда",- деди.
Михаил Подоляк Россиянын ачыкча эле демократияны, эркиндикти жана келишимдерди кемсинтип жаткандыгын белгилеп : "Эмне болду? Кызыктуубу? Кемсинткенди жактырасыңарбы? Россия терроризмдин спонсору деп жарыяланышы керек жана бардык жерден куулушу керек",- деди.
Россия 1 - апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алып, Лавров 24 - 25 - апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына жетекчилик кылды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.