Судандан эвакуациялар уланып жатат

Орозо айтта ок атышпоо жарыяланганына карабай, борбор шаар Хартумда кагылышуулар уланууда.

1978187
Судандан эвакуациялар уланып жатат
sudan.jpg

Суданда армия менен жарым аскерлештирилген күчтөрдүн ортосунда чыккан кагылышуудан бери бир жума өттү.

Орозо айтта ок атышпоо жарыяланганына карабай, борбор шаар Хартумда кагылышуулар уланууда.

Жүздөгөн адамдын өмүрүн алган кагылыш экинчи аптасына киргенде Сауд Арабиясы өлкөдөн биринчи эвакуация операциясын жасады.

Сауд Арабиянын мамлекеттик телеканалы Кызыл деңиз аркылуу кеме менен эвакуацияланган тасманы бөлүштү.

Жидда портуна жеткендердин арасында аялдар менен балдар да болгон.

Эвакуациялангандардын арасында 12 өлкөнүн жарандары жана дипломаттары бар экени айтылды.

Америка Кошмо Штаттары да (АКШ) Хартумдагы элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялады.

Элчиликтин 70ке жакын кызматкери үй-бүлөлөрү менен коопсуз жайга ийгиликтүү көчүрүлгөнү айтылды.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас да Судандагы окуялардан улам бул өлкөдөгү жарандарынын эвакуацияланышы үчүн Аба күчтөрүнө таандык аскердик транспорттук учактардын Египетке жайгаштырыла турганын жарыялады.

Операция учурунда эч кандай чыр-чатак болбогону бөлүшүлгөн.

Эвакуация үчүн 3 тик учактын Жибутиден Эфиопияга, ал жерден Суданга учкандыгы белгиленди.

АКШнын президенти Жо Байден Жибути, Эфиопия жана Сауд Арабияга эвакуация операциясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптарды ок атышпоого чакырган Байден АКШнын Судандагы элчилигинин иш-аракеттеринин убактылуу токтотулганын билдирди.

Германия, Испания жана Египет да өз жарандары үчүн чара көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Түштүк Корея өз жарандарын эвакуациялоо үчүн Жибутиге аскерлерин жөнөтөрүн жарыялады.

Кувейт да армия менен жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда кагылышуу болгон Судандагы жарандарын эвакуациялоо үчүн «шашылыш операция» баштаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар