Нигериядагы менингит эпидемиясы

Нигериянын Йобе провинциясында  менингит эпидемиясынан 10 адам каза болду.

1978116
Нигериядагы менингит эпидемиясы

Нигериянын Йобе провинциясында  менингит эпидемиясынан 10 адам каза болду.

Йобе провинциясынын саламаттыкты сактоо боюнча комиссары, доктор Мухаммад Лован Гана билдирүү жасап, штатта менингиттин 177 учуру аныкталганын жана бейтаптардан  10 кишинин каза болгонун айтты.

Провинциянын көп жеринде эпидемиядан улам көп кишинин угуусун жоготкондугу тууралуу маалымат берген Гана, моюн жана башы ооругандардын дароо ооруканага кайрылуусу керектигин эскертти.

Провинция өкмөтүнүн эпидемияга ылдам кийлигишүү үчүн  иштеп жатканын белгилеген Гана өкмөттүн Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте оорунун жайылышын көзөмөлдөө үчүн жетеээрлик чараларды көргөнүн белгиледи.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун 28-марттагы билдирүүсүндө 1-январдан 5-мартка чейин борбор шаар Абуджа менен бирге 21 штатта менингит оорусуна кабылган бейтаптардын бар экендиги билдирилген.

Билдирүүдө айтылган мезгилде 628 менингит бейтабынын аныкталгандыгы жана алардын 52синин каза болгондугу  белгиленген.

 

Нигериянын өкмөтү 2030-жылга чейин ооруну жеңүү боюнча глобалдык максат койгондугун билдирген.

Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар