Лондондо миңдеген адам митингге чыгышты
Жок болуу козголоңу (XR) деп аталган уюмдун чакырыгы менен эртең мененки сааттан баштап миңдеген адамдар парламенттин алдына чогула баштады.

Британиянын борбор шаары Лондондо миңдеген адам Британия парламентинин алдында жана анын айланасындагы көчөлөрдө климаттын өзгөрүшү жана экология маселелерине көңүл буруу үчүн митингге чыгышты.
Жок болуу козголоңу (XR) деп аталган уюмдун чакырыгы менен эртең мененки сааттан баштап миңдеген адам парламенттин алдына чогула баштады.
Уюмдун сайтындагы эсептегичке караганда, акцияга 30 миңден ашык адам катышып, ондогон экологиялык уюмдар стенддерди куруп колдоо көрсөттү.
Парламенттин алдында Абингдон көчөсүн, Миллбанк көчөсүн жана Улуу Питер көчөсүн тоскон митингчилер "Дүйнөнү сактап калуу үчүн кеч эмес", "Б планетасы жок", "Климаттык чара көрүлбөсө баарыбыз жоготобуз" жана "Таза суу, планетаны жашылдандыр" сыяктуу ураандар менен жүрүштү.
Жок болуу козголоңунун (XR) билдиргенине караганда 4 күнгө созула турган акцияларда 50 миңден ашуун митингчи парламенттин айланасына чогулат жана акция түнү менен уланат.
Тектеш кабарлар

Араб уруулары Дейр-эз-Зордо кайра операция жүргүзө баштады
Араб уруулары Зийбен, Тайяне жана Элрагиб кыштактарын террордон тазалашты.