Судан армиясынын командири, генерал Аюдулфеттах   ел  -  Бурхан ок атышпоону каалагандарын айтты

Жарыяланып бирок баш ийилбеген ок атышпоо тууралуу : «Ыкчам колдоо күчү адамдарды жолдо токтотуп, эркиндиктерин чектеп жатат. Ооруканаларды колго алууда. Судандыктардын эркин кыймыл кылышына шарт түзгөн ок атышпоону каалайбыз»,- деди Бурхан.

1977808
Судан армиясынын командири, генерал Аюдулфеттах   ел  -  Бурхан  ок атышпоону каалагандарын айтты

Судан армиясынын командири, генерал Абдулфеттах   ел  -  Бурхан судандыктардын эркин кыймыл кылышына шарт түзгөн ок атышпоону каалашкандарын айтты.

Бурхан Аль-Жазира телеканалына: «Бардык жерге жайылган жана маанилүү объектилерди басып алган Ыкчам колдоо күчтөрү  менен ок атышпоодон сөз кылуу мүмкүн эмес. Учурда күбө болуп жаткан бул жагымсыз окуялардын себеби Ыкчам колдоо күчтөрү. Кагылышууну баштаган ошолор. Күчтөрүбүз азыр да коргонууда»,- деди.

Ыкчам колдоо күчтөрү турмуштук мааниге ээ объектилерди бутага алуу менен мамлекетке каршы кыймылды баштап, коомдук пикир жаратууга аракет кылгандыгын жактаган Бурхан кагылышуулардын отурукташуу жерлерине өтүшүн каалабагандарын,  кагылышуулардын борбор шаар Хартум аэропортунун айланасында болгондугун бирок өлкөнүн калган 18 штатынын армиянын көзөмөлүндө экендигин баса белгиледи.

Жарыяланып бирок баш ийилбеген ок атышпоо тууралуу : «Ыкчам колдоо күчү адамдарды жолдо токтотуп, эркиндиктерин чектеп жатат. Ооруканаларды колго алууда. Судандыктардын эркин кыймыл кылышына шарт түзгөн ок атышпоону каалайбыз»,- деди Бурхан.

Мыйзамга каршы иш кылган жана козголоңчу болгондуктан Ыкчам колдоо күчүнүн лидерлери менен сүйлөшүүгө барбай тургандарын белгилеген Бурхан : «Ыкчам колдоо күчү менен кайрадан саясат тууралуу сүйлөшүүгө орун жок. Чектүү сандагы кишинин саясий  амбицияларынан улам Суданда жарандык согуш чыкпайт. Ыкчам колдоо күчү алкактык келишимге кол коюлган  2022-жылдын декабрына чейинки  позициясына кайтып келгенге чейин диалог жок»,- деди.

Борбор шаар Хартум жана башка шаарларда 15 -  апрель күнү эрте менен судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосунда башталган куралдуу кагылышуудан улам каза болгондордун саны 300гө жеткендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар