Гутерреш менен Байден мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Гутерреш социалдык медиадан куттуктоо жарыялады жана куттуктоосунда «Майрамыңыздар менен» деген сөздү колдонду.

1977779
Гутерреш менен Байден мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысы Антонио Гутерреш мусулман дүйнөсүн Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Гутерреш социалдык медиадан куттуктоо жарыялады жана куттуктоосунда «Майрамыңыздар менен» деген сөздү колдонду.

"Баарыбыз бул майрамдын тилектештик, коом  катары иш алып баруу, боорукердик рухунан шыктансак болот",-  деди Гуттереш.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден да мусулмандардын Орозо айт майрамын куттуктагандыгын билдирди.

Куттуктоосунда :  «Жубайым Жилл жана мен өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап,  эң жакшы каалоолорубузду билдиребиз»,- деген Байден мусулмандардын фитра ибадаттары аркылуу муктаж болгондорго тамак-аш жана садака берүү аркылуу берешендигинен таасирленгендигин айтты.

Башкармалыгынын исламофобия баш болгон ар кандай жек көрүү кылмыштары менен күрөшүүдө чечкиндүү экенин белгилеген Байден өлкө боюнча көптөгөн тармакта Америкага салым кошкон мусулмандарды урматтоо үчүн Орозо айт майрамын Ак үйдө майрамдоодон сыймыктанышкандарын айтты.

Байден "Орозо айтыңыздар мубарак болсун" деген каалоосу менен куттуктоосун бүтүрдү.



Тектеш кабарлар