Столтенберг Киевде Украинага колдоо билдирүүсүн айтты

Баш катчы катары Украинага төртүнчү ирет келген Столтенберг президент Владимир Зеленский менен жолугушту.

1977677
Столтенберг Киевде Украинага колдоо билдирүүсүн айтты

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг күтүүсүздөн Украинанын борбор шаары Киевге жасаган сапарында бул өлкөнү Орусия менен болгон согушунда акырына чейин колдой тургандарын айтты.

Столтенберг Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан бери биринчи жолу Украинага келди.

Баш катчы катары Украинага төртүнчү ирет келген Столтенберг президент Владимир Зеленский менен жолугушту.

Сапары тууралуу социалдык медиа аркылуу билдирүү тараткан Столтенберг Киевде болуу жана Зеленский менен жолугушуу сыймык экенин айтты.

НАТОнун билдирүүсүндө Столтенберг менен Зеленский маалымат жыйынын өткөрүшүп, баш катчынын сөзү да камтылган.

Украиналыктарга кайрылып, «НАТО бүгүн, эртең жана акырына чейин силер менен»,-деп айткан Столтенберг Орусияга каршы Украинаны колдой тургандарын баса белгиледи.

Столтенберг 2022-жылдын февраль айынан бери НАТО союздаштары Украинага 150 миллиард евро, анын ичинде 65 миллиард евро аскердик жардам бергенин, бул жылдар ичинде он миңдеген украин аскерлерин машыктырганын, согуштук учактарды, танктарды, бронетранспортерлорду жеткиргенин жана бул согуш талаасында айырма жаратканын айтты.

Шериктештердин коопсуздук кызыкчылыктары үчүн Украинага колдоо керек экенин баса белгилеген Столтенберг: «Украинанын татыктуу орду - Евроатлантикалык үй-бүлө. Украинанын татыктуу орду - НАТО. Убакыттын өтүшү менен биздин колдообуз муну ишке ашырат»,-деп айтты.

Украинанын НАТОго мүчөлүгү тууралуу суроого Столтенберг мындай деп жооп берди: «Мен НАТОнун союздаштары Вильнюс саммитинде президент Зеленскийдин катышуусунда НАТОнун Украинага колдоо пакетин күчөтүү жана көбүрөөк колдоо көрсөтүү боюнча макулдашат деп күтөм. Мен ошондой эле Зеленский мырза мүчөлүк жана коопсуздук кепилдиги маселесин көтөрөрүн түшүнөм. Бул да чогулуштун негизги күн тартибиндеги маселелердин бири болуп саналат».

Столтенберг Орусиянын кол салуусунун башталышынан кыска убакыттан кийин Орусиянын көзөмөлүнө өткөн жана кийинчерээк көчөлөрдөгү өлүктөрдүн сүрөттөрү менен дүйнөнүн көңүлүн бурган Бучага да барып, бул жерде каза болгондордун элесине курулган эстеликке гүлчамбар койду.

Сапарынын соңунда Столтенберг Зеленский менен Коомчулуктардын жана аймактардын эл аралык саммитинде сөз сүйлөдү.



Тектеш кабарлар