Түндүк Кореянын лидери чалгындоо спутнигин учуруу даярдыктарынын аяктагандыгын билдирди
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн биринчи аскердик чалгындоо спутнигин учурууга карата бардык даярдыктардын аяктаганын жарыялады.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн биринчи аскердик чалгындоо спутнигин учурууга карата бардык даярдыктардын аяктаганын жарыялады.
Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Улуттук авиациялык жана космостук өнүктүрүү башкаруусуна барган Ким : «Түндүк Кореянын өзөктүк ракеталарын эффективдүү колдонуусу үчүн аскердик чалгындоо спутнигинин иштеши абдан маанилүү»,- деди.
Ким №1 аскердик чалгындоо спутнигинин курулганын айтып, бул айдын аягына чейин спутникти учурууга байланыштуу жетекчилерге көрсөтмө бергенин билдирди.
Өлкөнүн биринчи аскердик чалгындоо спутнигин учуруу үчүн бардык даярдыктардын аяктагандыгын айткан Ким Түндүк Кореянын чалгындоо маалыматтарын чогултуу көлөмүн өнүктүрүү үчүн бир канча спутниктин учурулушу керектигин белгиледи.
Түндүк Корея 2022 - жылы 19 - декабрда биринчи чалгындоо спутнигинин өнүктүрүлүшүндөгү акыркы этап катары каралган сыноо спутнигин учурганын билдирген.
Түндүк Кореянын маалымат агенттиги KCNA сыноо спутнигинен тартылган жана Түштүк Кореянын борбор шаары Сеул менен Инчхон шаарынын космостон көрүнүшүн көрсөткөн пиксели аз кара - ак фотографияларды жарыялаган.
Чалгындоо спутниги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2021 – жылдын башында партиянын жыйынында ишке ашырууну пландагандарын жарыялаган өнүккөн аскердик технология продукцияларынын арасында орун алууда. Булардын арасында көп куралдуу, катуу отун менен жүрүүчү алыскы аралыкка атуучу ракеталар, суу астынан учурулган ядролук ракеталар жана атомдук суу астында жүрүүчү кайыктар болгон. Булардын арасында көп максаттуу ракета, катуу отун менен жүрүүчү, алыскы аралыкка атуучу ракеталар, суу астынан учурулган өзөктүк ракеталар жанаөзөктүк суу астында жүрүүчү кемелер бар.