Иран : Эл аралык атом энергиясы агенттиги менен сүйлөшүүлөр алдыга жылууда
Мухаммед Ислами өлкөсүнүн атомдук программасын текшерген Эл аралык атомдук энергетика агенттиги менен техникалык сүйлөшүү процессинин алдыга жылгандыгын айтты.
Иран атомдук энергия мекемесинин төрагасы Мухаммед Ислами өлкөсүнүн атомдук программасын текшерген Эл аралык атомдук энергетика агенттиги менен техникалык сүйлөшүү процессинин алдыга жылгандыгын айтты.
Ирандын жарым расмий Тесним маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Ислами борбор шаар Тегеранда өткөн кабинет жыйынынан кийин массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады.
Иран менен Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин ортосундагы техникалык сүйлөшүү процесси тууралуу берилген бир суроого жооп берген Ислами делегациялардын Иран менен агенттиктин ортосунда байланыштын болгондугун белгиледи.
Ислами : «Сүйлөшүү процесси алдыга жылып баратат. Иран менен агенттиктин ортосундагы техникалык жана адис делегациялар күн сайын байланыш куруп, аткарган иштеринин жыйынтыгын убагында билдирип жатышат»,- деди
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газада 369 күндөн бери улантып жаткан геноциди тууралуу маалымат берилди.