Европа Биримдиги токойлордун кыйрашына себеп болгон продукцияларга тыюу салат

Компаниялар Европа Биримдиги рыногунда токойлордун кыйылышына жана деградациясына алып келбеген продукцияларды сата алышат.

1977239
Европа Биримдиги токойлордун кыйрашына себеп болгон продукцияларга тыюу салат

Пальма майы, уй эти, жыгач, кофе, какао, каучук, соя жана шоколад, эмерек жана кагаз сыяктуу продукцияларды токойлорго зыян келтирбестен өндүрүү керек  болот.

Европа Парламенти, Европа Биримдиги өлкөлөрүнө   токойлорго зыян келтирүү менен өндүрүлгөн соя, уй эти, пальма майы, жыгач, какао жана кофе сыяктуу түрдүү продукциялардын импорттолушуна тыюу салууну камтыган  мыйзамды жактырды.

Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европа Парламентинин  Башкы ассамблеясынын сессиясында дүйнө жүзү боюнча токойлордун кыйылышына жол бербөө, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана биологиялык  түрдүүлүктүн жоголушуна жол бербөө үчүн даярдалган мыйзам 552 «макул» добуш менен кабыл алынды.

Мыйзам боюнча, Европа Биримдигинин базарларында сатылган продукциялар дүйнө жүзү боюнча токойлордун кыйылышына алып келбеши керек.

Компаниялар Европа Биримдиги рыногунда токойлордун кыйылышына жана деградациясына алып келбеген продукцияларды сата алышат.

Айрыкча пальма майы, уй эти, жыгач, кофе, какао, резина жана соя сыяктуу продукцияларды ошондой эле шоколад, эмерек, кагаз жана булгаары токойлордун кыйылышына салым кошпошу мажбур абалга  келет. Бул продукциялар Европа Биримдиги рыногуна продукцияларды жеткиргендер үчүн кам көрүү  милдети талап кылынат.

2020 -  жылы 31 -  декабрдан кийин токойлордун кыйылышына же токойлорду кыйратууга дуушар болбогон аянттарда өндүрүлгөн продукциялардын Европа Биримдиги рыногуна жетишине уруксат берилет.

Европа Биримдиги  бул продукцияларды чыгарган өлкөлөрдү төмөн, нормалдуу жана жогорку тобокелдүү деп бөлүүдө.

Тобокелдик категориясы жүргүзүлө турган аудиттердеги милдеттенмелердин деңгээлин аныктайт.

Белгиленген эрежелерге баш ийбеген компаниялар Европа Биримдигинин өлкөдөгү жылдык жүгүртүүсүнүн 4 пайызына чейин айыпка тартылышы мүмкүн.

Аталган жобо Европа Биримдиги  өлкөлөрүнүн расмий жактыруусунан кийин Европа Биримдигинин расмий журналында жарыяланып күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар