Германия Украинага "Патриот" абадан коргонуу системасын тапшырды
Украинага убада кылынган жаңы аскердик жардам пакетинин алкагында Патриот зениттик-ракеталык системасы жана ок-дарылары жеткирилди.
1976814
Германия Украинага "Патриот" абадан коргонуу системасын жана ракеталарын тапшырды.
Премьер-министрликтин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Украинага убада кылынган жаңы аскердик жардам пакетинин алкагында Патриот зениттик-ракеталык системасы жана ок-дарылары жеткирилди.
Германия ошондой эле Украинага 16 даана Zetros жүк ташуучу унаасын жана дагы 2 чек араны коргоо унаасын тапшырды.
Германия өкмөтү 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 17-апрелине чейин Украинага 2,7 миллиард евролук курал-жарак жана аскердик техниканын жөнөтүлүшүнө уруксат бергени айтылды.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.