Чыгыш Африка Коомчулугу Суданда болуп жаткан кагылышуулардан «терең тынчсыздангандыгын» билдирди

ЕАСтен берилген маалыматта Судандагы ички кагалышуулардын континенттин башка аймактарына таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги айтылды.

1977195
Чыгыш Африка Коомчулугу  Суданда болуп жаткан кагылышуулардан «терең тынчсыздангандыгын» билдирди

Чыгыш Африка Коомчулугу (ЕАС) Суданда болуп жаткан кагылышуулардан «терең тынчсыздангандыгын» билдирди.

Чыгыш Африка Коомчулугунан  берилген маалыматта Судандагы ички кагалышуулардын континенттин башка аймактарына таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги айтылды.

Маалыматта : «Чыгыш Африка Коомчулугу  Суданда болуп жаткан кагылышуулардан «терең тынчсыздангандыгын» билдирди. Коңшу өлкөбүздө уланып жаткан кагылышуулардан тынчсызданууда жана тараптардын арасында душмандыктардын акырына чыгышы, адамдардын каза болушун жана мал  - мүлктүн жоголушун алдын алуу үчүн чукул түрдө ок атышпоого чакырууда»,- деп айтылды.

Аймактык жана глобалдык чечүүчү механизмдердин маанисине көңүл бурулуп, туруктуу тынчтык үчүн бардык дипломатиялык чечимдердин колдонулушу керектиги баса белгиленди.

Маалыматта  чыр-чатактардан эң көп аялдар жана балдардын жабыркаганы билдирилди.

Африка Биримдиги жана Өкмөттөр аралык өнүгүү органы да араларында болгон бир нече мекеме Судан үчүн чукул ок атышпоого чакыруу салган.

Судандын борбор шаары Хартумда жана түрдүү шаарларда 15 -  апрель күнү эрте менен Судан армиясы менен жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу башталган.



Тектеш кабарлар