Африка лидерлери Суданга барып ортомчулук кылышат

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед да Суданга бара турганын билдирди.

1976070
Африка лидерлери Суданга барып ортомчулук кылышат

Чыгыш Африка блогунун өкмөттөр аралык өнүктүрүү органы (IGAD) үч мамлекет башчысын Суданга ортомчулук кылуу үчүн жиберет.

Судан күн тартиби менен жолугушкан IGADга мүчө мамлекеттери, Кения, Түштүк Судан жана Жибутинин лидерлерин армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы кагылышууларды токтотуу аракеттери үчүн эң кыска убакытта борбор шаар Хартумга жөнөтүү чечимин чыгарды.

Делегациянын качан жол тарта турганы белгисиз болгону менен баш калаада кагылышуулар уланууда.

Африка Биримдиги комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед да Суданга бара турганын билдирди.

15-апрелде эртең менен Судандын борбору Хартумда жана ар кайсы шаарларда Судан армиясы менен жарым аскерлештирилген HDK ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.

«HDKнын армияга толук катышуусун» караган аскердик коопсуздук реформасына байланыштуу армия менен HDK ортосундагы пикир келишпестик акыркы бир нече айда катуу кагылышууга айланган.

Өлкөдөгү кагылышууларда ондогон жайкын тургундар каза болуп, жүздөгөн адамдар, анын ичинде аскерлер жарадар болгону кабарланды.



Тектеш кабарлар